Кыргызстанда бир суткада 73 мас айдоочу кармалды

 Кыргызстанда бир суткада 73 мас айдоочу кармалды

Дем алыш күндөрүнүн соңунда Кыргызстандын аймагында “Бахус” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында сутка ичинде жол эрежелерин бузган 4352 айдоочуну аныкталды.

Анын ичинен:

  • мас абалында унаа башкарган 73 айдоочу,
  • карама-каршы тилкеге чыккан 35 айдоочу;
  • ылдамдыкты ашырып айдаган 432 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 15 айдоочу;
  • тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 88 айдоочу кармалган.

Ошондой эле 234 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Связанный пост