Кыргызстанда асыл тукум мал чарбалары 185ке жетти

Өлкөдө асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик колдоо жана селекциялык иштер өз жыйынтыгын берүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө республика боюнча асыл тукум мал чарбаларынын жалпы саны 185ке жетти. Алар мал чарбачылыгынын бардык негизги багыттарын камтып, айыл аймактарындагы экономикалык активдүүлүктү арттырууда.

Негизги көрсөткүчтөр:

  • ири мүйүздүү асыл тукум мал чарбалары – 66, мал саны – 8 406 баш;
  • асыл тукум кой чарбалары – 75, малдын жалпы саны – 24 759 баш;
  • асыл тукум жылкы чарбалары – 35, малдын саны – 1 725 баш;
  • асыл тукум эчки чарбалары – 5, малдын саны – 2 704 баш;
  • асыл тукум топоз чарбалары – 5, малдын саны – 1 224 баш;
  • асыл тукум канаттуулар чарбалары – 2, саны – 281 миңден ашык.

Бул көрсөткүч асыл тукум мал чарбачылыгы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жана экспорттук потенциалын жогорулатууда маанилүү роль ойной турганын айгинелейт. Өзгөчө кой жана ири мүйүздүү мал багытындагы чарбалардын көптүгү эт жана сүт продукцияларынын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүүдө.

Связанный пост