Кыргызстанда алтын, күмүш жана жездин канча кору калганы айтылды

 Кыргызстанда алтын, күмүш жана жездин канча кору калганы айтылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өлкөнүн минералдык-сырьелук базасынын абалы тууралуу маалымат берди.

Анын берген маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына карата Кыргызстандагы пайдалуу кендердин кору төмөнкүдөй:

  • Алтын – болжол менен 1 миң тонна;
  • Күмүш – 1 миң 196 тонна;
  • Жез – 960 миң тонна;
  • Көмүр – 1,9 млрд тонна.

Министрдин орун басары белгилегендей, бул көрсөткүчтөр өлкөнүн тоо-кен тармагындагы чоң потенциалын айгинелейт жана мамлекеттик деңгээлде кендерди натыйжалуу пайдалануу иштери улантылат.

Связанный пост