Кыргызстанда алгачкы жолу имамдарга кызматтык автоунаалар берилди

 Кыргызстанда алгачкы жолу имамдарга кызматтык автоунаалар берилди

Бүгүн, 18-декабрда республиканын райондорунун имамдарына ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet үлгүсүндөгү 40 даана кызматтык автоунаалар тапшырылды.

Дин башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чара Дин башкармалыгынын борбордук кеңсесинде өтүп, ага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, муфтийдин орун басарлары жана БТК төрагасы катышты.

Муфтий Абдулазиз кары Закиров өз сөзүндө авто унаалардын тапшырылышы дин кызматкерлеринин ишин жаңы деңгээлге көтөрөрүн баса белгилеп, бул кадам Кыргызстан мусулмандарынын коомдогу ролун бекемдөөгө чоң салым кошорун айтты.

Белгиленгендей, дин кызматкерлерине Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кызматтык автоунаа берилүүдө.

Мындай саамалык диний кызматкерлердин ишин жеңилдетүү, алардын убактыларын үнөмдөп, кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу максатын көздөйт. Авто унаалар имамдарга райондор арасында жүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүп, диний иштердин ийгиликтүү жүргүзүлүшүнө өз салымын кошот.

“Кызматтык унаалардын тапшырылышы – Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 2024-жылга карата иш пландарынын алкагында ишке ашкан олуттуу кадамдардын бири. Дин башкармалыгы алдыда дагы ушул сыяктуу долбоорлор аркылуу диний кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууну уланта бермекчи”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост