Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун 15 учуру катталды
Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун 15 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында -6, Ош шаарында -5, Чүй облусунда -3, Ош облусунда -1 учур.
Ведомстводон белгилешкендей, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.