Кыргызстанда 5 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы орнотулду

 Кыргызстанда 5 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы орнотулду

Бүгүнкү күндө “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жана жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн 5 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы орнотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Министрдин орун басары белгилегендей, 2025-жылы жол кырсыгынын кесепетинен 900 адам каза болуп, 12 миңден ашууну ар кандай жаракаттарды алышкан.

“Унаалардын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам 5 адам каза болуп, 29,9 миң адам жаракат алган, жалпысынан 657 протокол түзүлгөн”, — деди ал.

Связанный пост