Кыргызстанда 36 миң мугалим санариптик сабаттуулугун жогорулатты

Кыргызстанда 36 миң мугалим санариптик сабаттуулугун жогорулатты.

 

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, мугалимдер компьютер менен иштөө, Google тиркемелерин окуу процессинде колдонууну үйрөнүштү. Окуу курстун максаты – мугалимдердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу билим берүү процессинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды натыйжалуу пайдалануу. Окутуунун жалпы тематикасы педагогдордун ишмердүүлүгү үчүн эң зарыл болгон багыттарды камтыды. Бул – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, Microsoft Office топтому жана интернет технологиялар.

 

Педагогдор окутууда компьютер менен иштөөнүн негизги көндүмдөрүн, сабактарда интернетти колдонууну, окуу материалдары менен өз алдынча иштөөнү, Microsoft Wordдо документтерди түзүү жана редакциялоону, презентацияларды түзүү, Google-продуктыларын (Google Forms, Google Classroom, Google Meet) билим берүү процессине интеграциялоону үйрөнө алышты.

 

Курс ошондой эле медиа жана маалыматтык сабаттуулукту, санариптик жарандыктын принциптерин, ошондой эле МКТны окутууну пландаштыруу жана баалоого интеграциялоо маселелерин камтыды. Педагогдор берилген материалдарды жана онлайн окуу ресурстарынын шилтемелерин өз алдынча колдонуу менен санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

 

Мугалимдер алган билимдерин сабактын планын иштеп чыгууга, санариптик контентти түзүүгө, онлайн платформалар аркылуу окуучулар менен өз ара аракеттенүүгө жана санариптик чөйрөдө маалымат алмашууга колдоно алышат. Бул билим берүүнүн сапатын жакшыртууга шарт жаратуу менен Кыргызстандын мектептеринде МКТны өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

 

Окутуу Билим берүү министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептин мугалимдерине 2023-2024-жылдары өткөрүлдү.

 

Бардык мугалимдер Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунда квалификациясын жогорулатуунун алкагында бул курстан өтүп, сертификат ала алышат.

Связанный пост