Кыргызстанда 34 кесиптик лицей жана колледж компьютерлер менен камсыз болот

 Кыргызстанда 34 кесиптик лицей жана колледж компьютерлер менен камсыз болот

Кыргызстанда 34 кесиптик лицей жана колледж компьютердик техникалар менен камсыз болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, техника менен камсыздоо Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт. Ошентип, 2024-жылы 34 башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелери жана Республикалык илимий методикалык борбору 695 миң 142 доллары өлчөмүндөгү компьютердик техника менен камсыз болот.

20 билим берүү мекемесинде компьютердик класс жана конференц зал, 7 кесиптик лицейде компьютердик класс толугу менен заманбап техника менен жабдылат. Ал эми 8 Алдыңкы тажрыйба борборуна жарым өнөр жай 3D-принтер сатып алынат жана аталган окуу жайлардын окутуучулары үчүн жаңы жабдуулар менен колдонуу боюнча окутуу уюштурулат.

Связанный пост