Кыргызстанда 28 мал союучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

 Кыргызстанда 28 мал союучу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

Ветеринардык кызматтын Реестринде 100 мал союучу жай катталган. Анын ичинен 28 ветеринардык санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн убактылуу ишмердүүлүгү токтотулган. Ошондой эле 100 мал союлуучу жайдын ичинен 10 мал союлуучу жай ЕАЭБтин бирдиктүү Реестрине катталган (КХ “Рейна Кенч”, ЖЧК “Торо”, ОАО “Келечек”, ЖЧК “Адал-Азык”, ЖЧК “Ала-Бука Жалал-Абад Кыргыз Эт”, “КФХ Алмаз”, ИП:Базарбаева.З, ИП:Кучкаров.Ф.Н, ЧП:Эралиев.Э, ЖЧК “Восточно-импортноэкспортная компания”).

Мал союучу жайы жок райондорго жана шаарларга мал союучу жай салдыруу боюнча Ветеринардык кызматтын жетекчилиги тарабынан тапшырма берилип, жергиликтүү жана тийишүү кызматтарга кайрылып жыйынтыгы менен 13 жаңы мал союучу жай салынды.

Ноокат, Өзгөн, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор, Кадамжай, Лейлек, Бакай-Ата, Манас, Тоң, Түп, Ысык-Көл, жана Москва райондорунда жаңы салынган мал союучу жайлардын курулушу аяктап ишке кирүүдө.

Реестрде катталган 100 мал союучу жайдын:

10 – чоң стандартагы мал союучу жай

63- чакан мал союучу жай.

27 – мал союучу аянтча.

Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 125 500 (жүз жыйырма беш миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Связанный пост