Кыргызстанда 2024-жылдын I кварталында ИДПнын көлөмү дээрлик 249 млрд сомду түздү

 Кыргызстанда 2024-жылдын I кварталында ИДПнын көлөмү дээрлик 249 млрд сомду түздү

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-март айларында ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча, 248,8 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8 пайызга өстү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

 

Анын айтымына караганда, экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү тенденциясы сакталууда.

 

Товар өндүрүү тармагында реалдуу өсүш 27,9%, кызмат көрсөтүүдө – 50,7%, салыктардын түшүүсү – 21,4% болгон.

Связанный пост