Кыргызстанда 10 миңден ашуун видеокамера иштеп жатат

 Кыргызстанда 10 миңден ашуун видеокамера иштеп жатат

Кыргызстанда жыл аягына чейин видеокамералардын санын 20 миңге жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Ички иштер министри Улан Ниязбековдун төрагалыгында өткөн аппараттык кеңешмеде айтылды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда өлкө боюнча 10 миңден ашуун видеокамера иштеп жатат. Министр коомдук коопсуздукту камсыздоодо “Санарип милиция” жана “Коопсуз өлкө” долбоорлорунун алкагында заманбап технологияларды кеңири колдонууну тапшырды.

Кеңешмеде кылмыштуулукка жана коомдук жайлардагы укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү, жол кырсыктарын азайтуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жаш өспүрүмдөргө байланыштуу кылмыштардын алдын алуу маселелери каралды.

Ошондой эле балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, учурда 660 орто мектепте иштеп жаткан “дүрбөлөң баскычын” бардык мектептерге жайылтуу тапшырылды.

Мындан тышкары, жаштар арасында баңгизаттын, радикалдык жана экстремисттик идеологиялардын жайылышына жол бербөө боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү милдети коюлду.

Связанный пост