Кыргызстанда үч айда 1,4 млрд сомго 282 айыл чарба техникасы лизингге берилди

 Кыргызстанда үч айда 1,4 млрд сомго 282 айыл чарба техникасы лизингге берилди

Кыргызстанда жыл башынан 1,4 млрд сомго 282 айыл чарба техникасы лизингге берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникаларды лизингге берүү башталган 2011-жылдан бүгунку кунгө чейин жалпы 15 млрд сомго 6 196 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди.

Белгиленгендей, лизинг “Айыл Банк” ААК аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөр берилет. Анда дыйкандар дан эгиндерин оруп жыйноочу комбайндарды, ар түрдүү үлгүдөгү тракторлорду жана башка айыл чарба шаймандарын женилдетилген шарттарда жылдык үстөгү 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин лизингге ала алышат.

Аталган долбоорго КР министрлер кабинетинин чечими менен “Айыл Банк” ААК оператор болуп дайындалган жана лизинг долбоорлору министрликтин көзөмөлү аркылуу ишке ашырылып жатат.

Связанный пост