Кыргызстан төрт айда 12 миң тоннага жакын сүт азыгын экспорттоду

 Кыргызстан төрт айда 12 миң тоннага жакын сүт азыгын экспорттоду

2026-жылдын январь–апрель айларында Кыргызстандан сүт азыктарынын экспорту 11 миң 799 тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу болжол менен 16,7%га көп.

Экспорттун өсүшүнө айрым сүт азыктарына болгон суроо-талаптын көбөйүшү негизги таасир этти.

  • кычкыл сүт азыктарынын (курут, кымыз жана башкалар) экспорту — 116,5 тонна;
  • сүттүн сары суусунун экспорту — 164 тонна;
  • майсыз кургатылган эчки сүтү — 17,6 тонна;
  • сүт коктейли — 2,2 тонна;
  • каймак — 1,6 тонна.

Ошол эле учурда айрым продукциялар боюнча экспорт көлөмү азайган. Алсак, сары май, кургак сүт, сыр, балмуздактын экспорту өткөн жылга салыштырмалуу басаңдаган.

Министрликтен белгилешкендей, жалпысынан сүт экспортунун оң динамикасы сакталууда. Экспорттук ассортименттин кеңейиши жана жаңы продукция түрлөрүнүн тышкы рынокторго чыгышы тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.

Связанный пост