Кыргызстан санариптик трансформацияда лидерлигин бекемдөөдө

Кыргызстан санариптик трансформацияда лидерлигин бекемдөөдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-27-августта Санкт-Петербургда БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы (ЭСКАТО) тарабынан чакан жана орто бизнес үчүн санариптик мамлекеттик кызматтар боюнча аймактык тегерек стол өтүүдө.

Тегерек столдо санариптик өнүктүрүү министри – АТИСтин (ЭСКАТО алдындагы Азия-Тынч океан маалымат супермагистралынын) төрагасы Азамат Жамангулов Кыргызстандын жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Министр “Түндүк” порталында жана колдонмосунда 182 санариптик мамлекеттик кызматтар жеткиликтүү экенин, анын ичинен 32си чакан жана орто бизнести колдоо үчүн киргизилгенин белгиледи. Ошондой эле ал Санариптик кодекс — аймактагы биринчи тутумдук документ экенин, процесстерди автоматташтыруу жана кызматтарга онлайн жеткиликтүүлүктү кеңейтүү иштери уланып жатканын кошумчалады.

“Кыргызстан аймактык санариптик трансформациянын лидери катары өлкөнүн ролун күчөтүүгө, бизнес үчүн ыңгайлуу, жеткиликтүү жана заманбап кызматтарды өнүктүрүүгө даярдыгын ырастоодо”, – деди ал.

Связанный пост