Кыргызстан парламенттеги аял-депутаттардын саны боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирет
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Шанхай кызматташтык уюмунун аялдар форумуна катышып, сөз сүйлөдү. Улан Маматканов өз сөзүндө 2026-жыл ШКУ үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин, анткени Уюм ишмердүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатканын белгиледи.
Ал ШКУда Кыргыз Республикасынын төрагалыгы мезгилинде юбилейлик жылды өткөрүү өлкө үчүн чоң сыймык экенин баса белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ШКУнун аялдар форуму аялдардын лидерлигин өнүктүрүү, аялдардын коомдук-саясий жана экономикалык процесстерге катышуусун кеңейтүү, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү эл аралык аянтча экенин баса белгиледи.
Сөзүндө аялдардын мамлекеттик башкарууда, экономикада, бизнестин жана санариптик чөйрөдөгү ролунун өсүшү менен байланышкан глобалдык тенденцияларга өзгөчө көңүл бурулду. Улан Маматкановдун айтымында, аялдардын лидерлиги бүгүнкү күндө туруктуу өнүгүүнүн, экономикалык өсүштүн жана натыйжалуу башкаруунун негизги факторлорунун бири катары каралууда.
. Ошондой эле ал Кыргызстанда аялдар коомдук турмуштун бардык тармактарында активдүү роль ойноорун белгиледи. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөнүн чакан жана орто бизнестин субъекттеринин болжол менен 20%ы аялдарга таандык же алар тарабынан башкарылат. Мындан тышкары, Кыргызстан парламенттеги аял-депутаттардын саны боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирет.
Сөз сүйлөө учурунда өлкөдө 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылып жатканы, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатканы баса белгиленди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов аялдардын потенциалын өнүктүрүү, алардын ишкердик жана кесиптик активдүүлүгүн колдоо, ошондой эле чечимдерди кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү Кыргызстандын жана бүтүндөй региондун андан ары социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.
Сөзүнүн соңунда ал Кыргызстан бүгүнкү күндө туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп, жаңы өнөктөштүктөргө, инвестицияларга жана биргелешкен долбоорлорго ачык экенин белгиледи.