Кыргызстан Монголия менен айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү көлөмү 2,8 млн $ түзгөн

 Кыргызстан Монголия менен айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү көлөмү 2,8 млн $ түзгөн
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Монголия мамлекети менен айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү көлөмү жалпысынан 2,8 млн АКШ долларын түзгөн.
–    айыл чарба продукциясынын экспорттук көлөмү 2,4 млн АКШ доллар;
–    кант жана канттан жасалган кондитердик азыктар жалпы 110,6 миң АКШ доллар;
–    мөмө-жемиш 163,2 миң АКШ доллар (экспорт);
–    жашылчалар 85,3 миң АКШ доллар (экспорт);
–    жаңгактарды кайра иштетүү продуктуларына 51,1 миң АКШ доллар (экспорт);
–    экспорттун эң көп үлүшүн дан эгиндеринен, ун, крахмал же сүттөн жасалган даяр продуктулар жана кондитердик азыктар түзүп, жалпы 729,1 миң АКШ долларын түзгөн.
2023-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасынын Монголия мамлекети менен айыл чарба продукциясынын тышкы соода жүгүртүүсү 624,9 миң АКШ долларын түздү. Анын ичинен экспорттук берүүлөр суммасы 445,8 миң АКШ долларын түздү, алар:
–    жашылча-жемиштерден жасалган даяр азыктар 303,3 миң АКШ доллар;
–    кант жана канттан жасалган кондитердик азыктар 69,4 миң АКШ доллар;
–    какао жана андан жасалган азыктар 38,5 миң АКШ доллар;
–    жемиштер 20,7 миң АКШ доллар;
–    жашылчалар 6,0 миң АКШ доллар.

Связанный пост