Кыргызстан менен Россиянын ишкерлери инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты

 Кыргызстан менен Россиянын ишкерлери инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты

Кыргызстан менен Россиянын ишкерлери биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев Москвада “Деловая Россия” ассоциациясынын ишкерлери менен жолугушту. Бул ишкер жамаат Россиянын бардык аймактарынан 800 млн сомдук каржы жүгүртүүсү менен 36дан ашык комитетти бириктирет.

 

Тараптар үстүбүздөгү жылдын март айында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюуну макулдашты. Бул документ бизнес-ассоциациялардын түз өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө жардам берет.

 

“Деловая Россиянын” ишкерлери Кыргызстанда жеңил өнөр жай, машина куруу, медициналык тейлөө жана башка тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Бул аймактарда бир нече долбоорлор ишке ашырылууда.

 

Темир Сариев республика өндүрүштү өнүктүрүүгө жана кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар стратегиялык өнөктөш катары эсептелген Россиядан инвестиция тартууга кызыкдар экенин жана республикада чет элдик инвестиция үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, анын ичинде өнүккөн инфраструктура жана бажы жана салык тармагында жеңилдиктер бар экенин белгиледи.

Связанный пост