Кыргызстан менен Пакистан жогорку билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

 Кыргызстан менен Пакистан жогорку билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Пакистандын Жогорку билим берүү комиссиясы жогорку билим берүү жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, кол коюу 2025-жылдын 11-12-январында Исламабад шаарында өткөн мусулман жамааттарында кыздардын билим алуусуна арналган эл аралык конференциянын алкагында өттү.

Меморандум академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, студенттерди жана окутуучуларды алмашууга, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана билим берүү программаларын ишке ашырууга багытталган.

Бул меморандум эл аралык байланыштарды бекемдөөгө жана эки өлкөдө жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга негиз түзөт.

Связанный пост