Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 30дан ашуун документке кол коюлду
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 30дан ашуун документке кол коюлду.
Бул документтерге кол коюу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилди.
Алар эки өлкө ортосунда чек ара, темир жол, электрондук коммерция, бажы, медиаконтент жана башка тармактардагы кызматташууларды мындан ары өнүктүрүү максаттарын камтыйт.
Ошондой эле айыл чарба, этностук мамилелер жана башка тармактарда алакаларды арттырууга багытталган 20 кошумча документке кол коюлду.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин күн мурун, 30-августта Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген.
Кытайдын лидери Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына жана башка иш-чараларга катышары күтүлүүдө.