Кыргызстан менен Кытай айыл чарба тармагында кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Кытай айыл чарба тармагында кызматташууну күчөтөт. Бул суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев Кытайдын айыл чарба жана айылдык иштер министри Хань Цзюнь жана анын орун басары Чжан Чжили менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Ведомстводон маалымдашкандай, тараптардын жолушуусу Кытайдын Куньмин шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө-өлкөлөрүнүн айыл чарба министрлеринин онунчу жыйынынын алкагында өттү.
Жолугушууда агрардык тармактагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын агроөнөр жай продукциясын Кытайга экспорттоого мүмкүндүк түзгөн протоколдорду кабыл алуу жол-жоболорун тездетүүгө бурулду.
Тараптар бул багыттагы аракеттерди жандандырууга даяр экенин билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.