Кыргызстан менен Кореянын экономика жана инвестициялык кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлүүдө
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангджэ менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө министр Корея Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтып, өлкөлөр ортосунда достук жана ишенимдүү мамиле түзүлүп, бир катар багыттар боюнча тыгыз кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Министр өлкөнүн учурдагы экономикалык өнүгүү тенденциялары жана чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берди.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы механизмдерин, анын ичинде кыргыз-корея өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын, Соода жана инвестициялар кеңешинин жана Бишкек шаарында жайгашкан Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун (GGGI) өлкөлүк кеңсесинин ишмердүүлүгүн талкуулашты.
Мындан сырткары, соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, үчүнчү өлкөлөргө экспортко багытталган биргелешкен ишканаларды түзүү маселелери каралды. Түштүк Кореянын инновация жана жаңы технологияларды бардык тармактарга киргизүүдөгү тажрыйбасын колдонуу зарылдыгы өзгөчө белгиленди.