Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында өтүү шарттары жакшырат
Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Документтерге эки мекеменин жетекчилери Алмамбет Шыкмаматов жана Жандос Дуйсембиев кол коюшту. Алар:
- өз ара соода жүргүзүүнүн алкагында автотранспорттук ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө;
- автотранспорт каражаттарын жана товарларды ташууда өз ара кызматташуу жөнүндө.
Биринчи меморандумдун алкагында пилоттук долбоор эки өлкөнүн фискалдык органдары тарабынан эл аралык стандарттарга ылайык салык жана бажы жол-жоболорун жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталат. Бул чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн ачык-айкындуулукту камсыз кылат.
Экинчи меморандумдун алкагында товарларга коштомо кагаздарды жана электрондук эсеп-фактураларды алмашуу үчүн маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу, ошондой эле кыргыз-казак чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында электрондук кезекти киргизүү каралган.
Белгилей кетсек, кол коюлган меморандумдар навигациялык пломбаларды киргизүү жана ташууларды көзөмөлдөө шарттарын жакшыртууга багытталган. Бул өткөрүү пункттарындагы көзөмөлдөө жол-жоболорунун көлөмүн кыскартууга, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамлекеттик чек арадан өтүүнүн ачыктыгын жана ыкчамдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу