Кыргызстан менен Өзбекистандын ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө Макулдашуу ратификацияланды

 Кыргызстан менен Өзбекистандын ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө Макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасыын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 15-мартында кабыл алынган.

Бул Мыйзам 2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Бул Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Долбоорду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө, ИДПдагы өнөр жайдын үлүшүн көбөйтүүгө, автомобиль паркын жаңылоого, 2000ден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө, автотранспорт каражаттары үчүн компоненттерди чыгаруу боюнча жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө түрткү берип, аны менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүү динамикасына оң таасирин тийгизет.

Связанный пост