Кыргызстан кредиттик рейтингин B+ “Туруктуу” деңгээлине ийгиликтүү көтөрдү

 Кыргызстан кредиттик рейтингин B+ “Туруктуу” деңгээлине ийгиликтүү көтөрдү

Кыргыз Республикасы өзүнүн кредиттик рейтингин “Туруктуу” көрсөткүч менен В+ деңгээлине чейин ийгиликтүү көтөрдү. Бул тууралуу Standard & Poor’s (S&P) Global Ratings эл аралык рейтинг агенттиги билдирди.

Белгилей кетсек, бул олуттуу жетишкендик акыркы жылдары өлкөдө жүргүзүлүп жаткан жана ишкердик активдүүлүктү стимулдаштырууга, стратегиялык тармактарды колдоого, инфраструктураны модернизациялоого, инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган масштабдуу түзүмдүк реформалардын натыйжасы болуп саналат.

“S&P Global Ratings” отчетунда аймактык сооданы ийгиликтүү кайра багыттоо жана ички суроо-талапты бекемдөө Кыргызстанга 2022-2024-жылдар аралыгында ИДПнын реалдуу өсүшүн 9% түзүүгө мүмкүндүк бергени белгиленген.

Мындан тышкары, ички керектөөнүн 15%га олуттуу өсүшү жана 2024-жылы жумушсуздуктун деңгээлинин 4%га чейин төмөндөшү эмгек рыногунда оң динамика жана туруктуу экономикалык чөйрөнү көрсөтөт.

Мындан тышкары, банк секторун капиталдаштыруунун өсүшүнүн жогорку динамикасы белгиленген.

Агенттик демографиялык өсүш – жылына болжол менен 2% – өлкөнүн узак мөөнөттүү экономикалык потенциалы үчүн кошумча өбөлгөлөрдү түзөрүн белгилейт.

Туруктуу фискалдык абал, мамлекеттик карыздын орточо деңгээли жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын жогорку сапаты да агенттик тарабынан жогору бааланды.

В+ рейтингин ыйгаруу Кыргызстандын эл аралык каржы рынокторундагы позициясын бекемдөө, корпоративдик сектор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн маанилүү кадам экенин белгилей кетүү керек. Өлкөнүн компаниялары эми дүйнөлүк капитал рынокторуна чыгуу менен эл аралык рейтингдерден өтүп, каржылоону тарта алышат.

Мындан тышкары, кредиттик рейтингдин жогорулашы суверендүү еврооблигациялардын дебюттук эмиссиясы үчүн жагымдуу шарттарды түзөт, ошондой эле экономиканын андан ары өсүшүнө жана эл аралык инвесторлордун Кыргыз Республикасына ишениминин жогорулашына өбөлгө түзөт.

Маалымат үчүн: 

S&P Global Ratings – алдыңкы эл аралык рейтинг агенттиги жана S&P Global тобунун (NYSE: SPGI) бир бөлүгү. Агенттик компаниялардын, өкмөттөрдүн жана карыздык милдеттенмелердин тобокелдигин жана кредиттик жөндөмдүүлүгүн баалайт, аларга кредиттик рейтингдерди ыйгарат. Бул рейтингдер инвесторлор үчүн колдонмо катары кызмат кылат жана уюмдарга капиталды көбөйтүүгө жардам берет.

Связанный пост