Кыргызстан КМШда макарон азыктарын өндүрүүдө алдыңкы үчтүккө кирди

Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен макарон продукциясын чыгарууда алдыңкы үчтүккө кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын январь айында КМШ өлкөлөрүндө жалпы 138 миң тонна макарон өндүрүлсө, анын ичинен Кыргызстанда 3 200 тоннага жакыны өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч боюнча өлкө Россия менен Казакстандан кийинки 3-орунду ээледи.
2024-жылдын январь–сентябрь айларынын ичинде Кыргызстандын макарон экспортунун көлөмү 5,8 млн доллардан ашты, негизги сатып алуучу — Өзбекстан, ал жакка дээрлик 1 200 тонна жөнөтүлүп, экспорт 53 пайызга өстү.
2023-жылдын тогуз айында Кыргызстандан жалпы 3 087,4 тонна макарон экспорттолуп, көлөмү 495,7 млн сомду түздү. Негизги экспорт багыттары:
- Казакстан – 1 652,7 т (~241,8 млн сом);
- Россия – 1 328,9 т (~231,9 млн сом);
- ошондой эле Беларусияга жана Арменияга экспортолгон.