Кыргызстан биринчи жолу 1,7 млрд $ суверендүү облигация чыгарууну пландоодо
Кыргызстан биринчи жолу 1,7 млрд доллар суммасында суверендүү облигация чыгарарын пландап жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Азия каржы форумуна катышкандан кийин China Daily басылмасына берген эксклюзивдүү маегинде билдирди.
“Биз эл аралык капитал рыногун өлкөбүз үчүн маанилүү жана келечектүү каржылоо булагы катары карап жатабыз. Болжол менен эмиссиянын көлөмү 1,7 млрд долларды түзөт, ал эми мурда жарыяланган маалыматтарга ылайык, төлөп берүү мөөнөтү болжол менен 10 жылга жетет. Бул өлкөбүздүн эл аралык рынокко алгачкы чыгышы болот. Даярдык иштеринин алкагында биз суверендүү рейтингдерибизди жогорулатуу үчүн активдүү иштеп жатабыз жана бизге колдоо көрсөтүп жаткан консультанттар жана банктар менен тыгыз кызматташуудабыз”, – деди ал.
Мындан тышкары, министр бир нече роуд-шоу форматында маалыматтык иш-чараларды өткөрүлүп, алардын айрымдары Гонконгдо уюштурулганын белгиледи.
“Биз Гонконгду Азия аймагынын салттуу финансы борбору гана эмес, дүйнөлүк аренадагы маанилүү оюнчу катары дагы карайбыз. Андан тышкары, Гонконгдун финансы борбору катары статусун колдонуу менен инвесторлордун кызыгуусун арттырууну, ошондой эле алардын чөйрөсүн кеңейтип, диверсификациялоону көздөп жатабыз”, – деди министр.
Булак “Кабар” агенттиги