Кыргызстан 6 айда 20 миң тоннага жакын сүт продукциясын экспорттоду

 Кыргызстан 6 айда 20 миң тоннага жакын сүт продукциясын экспорттоду

Кыргызстан 2026-жылдын алгачкы алты айында ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге 19 миң 915,55 тонна сүт продукциясын экспорттоду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, экспорттолгон продукциялардын арасында 2 миң 339 тонна балмуздак, 674,54 тонна сыр, 100,56 тонна сары май, ошондой эле кымыз, курут жана башка кычкыл сүт азыктары бар.

Мындан тышкары, ушул мезгилде 228,84 тонна табигый бал чет өлкөлүк рынокторго чыгарылган. Бул көрсөткүчтөр кыргызстандык азык-түлүк продукцияларына болгон тышкы суроо-талаптын өсүп жатканын көрсөтөт.

Связанный пост