Кыргызстан үч айда 152 тоннадан ашык бал экспорттоду

 Кыргызстан үч айда 152 тоннадан ашык бал экспорттоду

2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан 152,8 тонна бал экспорттолду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, экспорттун жалпы көлөмү 37,3 млн сомду же 426,6 миң долларды түздү.

“Бул көрсөткүч ата мекендик балдын тышкы рыноктогу суроо-талабы жогорулап жатканын жана кыргыз балчыларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатканын айгинелейт”, — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу балдын экспорту 78 тоннадан ашыкка көп болду. Кыргыз балы өзүнүн сапаты жана экологиялык тазалыгы менен эл аралык рынокто ордун бекемдеп, чет өлкөлүк керектөөчүлөрдүн кызыгуусун арттырууда. Эң көп көлөмдөгү экспорт Өзбекстанга багытталган.

“Министрлик бал өндүрүүчүлөрдү ар тараптуу колдоону күчөтүп, ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча системалуу иштерди мындан ары да улантат. Ошондой же сапат стандарттарын өркүндөтүүгө, жаңы рынокторду өздөштүрүүгө жана кыргыз балчылыгынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулат”, — деп айтылат маалыматта.

Связанный пост