Кыргыз жарандарына Пакистанга виза алуу жеңилдетилди

 Кыргыз жарандарына Пакистанга виза алуу жеңилдетилди

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарына чет мамлекеттердин визаларын алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында төмөнкүлөрдү билдирет.

Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жарандарына карата визалык саясатын кайрадан карап чыгып,  Пакистанга бизнес жана туристтик максатта бара жаткан жарандар үчүн визаларды алуу жол-жоболорун жеңилдетти.

Жаңы визалык саясатка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары туристтик жана ишкердик визаларга расмий онлайн-виза системасы ((POVS) https://visa.nadra.gov.pk/ порталы) аркылуу тапшырууга  болот.

Тактап айтканда, визага талапкерлер жогоруда аталган системадагы 30 милдеттүү талаасы бар кыскартылган анкетаны толтурушат. Арыз берилгенден кийин, эгерде, системадагы “кара тизмеде” чыгып калбаса/аныкталбаса, автоматтык түрдө виза берүү жөнүндө билдирүү чыгарат. “Кара тизмеге” кирип калган учурда, арыз 24 сааттын ичинде иштелип чыгат. Арызды берүү визалык жыйымдарсыз, анын ичинде документтерди кароо акысыз жүргүзүлөт.

Мындай шарттар кыргызстандыктарга Пакистан Ислам Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барбастан, жеңилдетилген тартипте виза алууга мүмкүнчүлүк берет.

Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөгө сапарларын алдын-ала пландаштырууну суранат.

Связанный пост