Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун $34 млн кошумча капиталдаштыруу боюнча макулдашууга жетишилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Венгриянын Будапешт шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолукту.

Жолугушууда тараптар өткөн жылдын ноябрь айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан тарабынан Бишкекте кол коюлган Кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү декларациянын жоболорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Анда минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын президенти менен Венгриянын премьер-министринин ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын мамлекет башчысы тарабынан берилген тапшырмаларды ишке ашыруу максатында Венгрияга жумуш сапары менен келгенин айтып, бүгүнкү сүйлөшүү буга чейин коюлган максаттарга жетүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү кеңейтүүгө салым кошооруна ишенээрин билдирди.

Ошондой эле, Балатон көлүн жана ага чектеш аймактарды өнүктүрүү, жөнгө салуу боюнча тажрыйбага таянып, венгриялык жана кыргызстандык адистердин өз ара аракеттенүүсү менен Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн Комплекстүү узак мөөнөттүү планын даярдоо иштеринин жүрүшү каралды.

Мындан тышкары эки мамлекеттин өз ара соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелердин динамикасын эске алуу менен Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун уставдык капиталын көбөйтүү маселеси каралып, ага ылайык Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун кошумча 34 млн долларга кошумча капиталдаштыруу боюнча макулдашуу жетишилди. Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу Кыргызстандын жана Венгриянын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн бириктире турган Ишкер кеңешин түзүү жана жыйынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын экологиялык жактан таза продукцияларын Европа өлкөлөрүнө экспорттоону көбөйтүү каралып, бул багытта европалык сапат жана коопсуздук стандарттарына шайкеш келген логистикалык борборлорду түзүүнүн келечеги талкууланды.

Билим берүү, миграция, аивиация тармактарында да эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашкан Кыргызстандын минкаб төрагасынын орун Бакыт Төрөбаев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто — бул жолку жолугушуудагы сүйлөшүүлөр эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенээрин билдиришти.

Жолугушууда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар Венгриянын жергиликтүү Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты.

Связанный пост