Кыргыз тилинин 34 жылдыгына карата Нарын мэриясынын кызматкерлери жат жазуу жазышты. 11 киши “3” деген баа алды
Нарын шаарында кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болушунун 34 жылдыгын белгилөө боюнча жарыяланган 1 айлыктын алкагында шаардык мекеме-ишканаларда эмгектенген кызматкерлер жат жазуу жазышты. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз тилчи мугалимдердин көзөмөлүндө, 200 сөздөн турган текстти жазган кызматкерлердин жат жазуулары кыргыз тилчи мугалимдер тарабынан текшерилип, грамматикалык катасынан тышкары кол жазмаларына карата баалар коюлду.
Жалпы 55 кызматкердин ичинен 23 катышуучу “5”, 21 ” 4″ ал эми 11 кызматкер 3 деген баа алышты.
Жыйынтыгында катасыз, сулуу жазып, 5 деген баа алган кызматкерлерге Нарын шаардык мэриясы тарабынан даярдалган кызыктыруучу белектер тапшырылат.