Кыргыз темир жолу тарабынан 2025-жылы 420 миңден ашык жүргүнчү ташылды

 Кыргыз темир жолу тарабынан 2025-жылы 420 миңден ашык жүргүнчү ташылды

Өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган маанилүү максаттардын бири жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жагымдуу, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү жана темир жол байланышын популярдуу кылуу болгон.
Ишкана өлкө ичинде – Бишкек-Токмок, Бишкек-Кайыңды, жайкысын Бишкек-Балыкчы багыттары боюнча, ошондой эле өлкө чегинен тышкары: Бишкек-Казань, Бишкек-Москва багыттары боюнча туруктуу каттамдарды камсыз кылууну улантууда.
2025-жылы Токмок жана Кара-Балтадан Бишкекке күн сайын жумушка келген жарандардын кызыкчылыгын эске алуу менен, поезддердин кыймыл графиги өзгөртүлүп, ал кыйла ыңгайлуу жана жумушка өз убагында келип-кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кыргыз темир жолу тарабынан 2025-жылы 420 миңден ашык жүргүнчү ташылды.
Бишкек-Балыкчы багыты боюнча дагы эки жогорку комфорттуу ВИП-вагон пайдаланууга берилди. Жалпысынан ишкана жогорку комфорттуу 6 вагонду модернизациялады, ошондой эле бүтүндөй курамды зарыл болгон электр энергиясы менен камсыз кылган өздүк вагон-генераторун иштеп чыкты.
Туристтик потенциалды өнүктүрүү максатында үстүбүздөгү жылы жүргүнчүлөрдү борбордук пляжга жеткирүү үчүн Балыкчы бекетинен Припортоваяга чейинки (Балыкчы ш. пляжы) 6 км темир жол тилкесине капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.
Ошондой эле туризмди өнүктүрүүнүн алкагында 10 жуп туристтик поезд өткөрүлдү. Алардын «Кыргыз темир жолу» УК» МИси боюнча жүрүү коопсуздугу белгиленген тартипте уюштурулду, мындан тышкары, Бишкек-2 жана Балыкчы бекеттеринин вокзалдарында туристтерди салтанаттуу тосуп алуу уюштурулду.

Связанный пост