Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 1-сентябрынан 7-сентябрына чейин Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Бул жолугушуунун алкагында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Связанный пост