Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыкты

 Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыкты

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 24-июлунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде чек арага канатташ аймактардын тургундары ортосунда чыр-чатак чыккандыгын маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын жарандары Ак-Сай айылынын тургундары Д.Ж. жана Д.А. жеке автоунаада Ак-Сай – Көк-Таш жолунда бара жатышкан.

Ушул эле убакта ушул жол менен Тажикстандын жарандарына таандык 8 автоунаадан турган колонна Ворух (ТР) анклавынан Ходжаи-Аало айылына бараткан.

Тажикстандын жарандары өзүнүн унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын автоунаасынын жолун кесишкен.

Мунун кесепетинен Дача жергесинде жогоруда аталган Кыргызстандын жарандары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда мушташ чыккан.

Чыр-чатак күчөп кетпеши үчүн окуя болгон жерге Кыргызстандын ИИМнин аймактык бөлүмүнүн кызматкери келген.

Бирок ал кызматкер окуя орун алган жерге келгенинде Тажикстандын жарандары – Ходжаи-Аало айылынын тургундары ага кол салышкан.

Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылышып, автоунаасынын арткы айнегин сындырышкан.

Учурда Кыргызстандын Баткен тилкеси боюнча жана Тажикстандын Исфара тилкеси боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын бардык күч түзүмдөр жана укук коргоо органдары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жагдайды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүшүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, бардык маалыматты мамлекеттик органдардан тактоого үндөйт.

Связанный пост