“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

Ошондой эле кабыл алынган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат, ал эми автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулат деп каралган.

Связанный пост