“Кыргыз Петролеум Компани” мунайды кайра иштетүү заводун модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

“Кыргыз Петролеум Компани” мунайды кайра иштетүү заводуна Россиядагы ири нефтехимиялык акционердик коом “Титан” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Михаил Сутягниский баштаган делегация келди. Алар заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, базасын көрүп чыкты. “Титан” компаниясынын өкүлдөрүнүн “КПК” ЖАК ишканасына келгенин негизги максаты – модернизация боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Анткени “Кыргыз Петролеум Компани” нефти заводду модернизациядан өткөрүүнү көздөп жатат. Ал үчүн тийиштүү тармактар менен биргеликте комплекстүү чараларды көрүп, инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө техникалык-экономикалык негиздеме жасалып бүткөн. Мунай заводду модернизациялоого жумшалуучу сумма такталган. Жолугушууда модернизация боюнча иш алып барган жумушчу топ инвесторлорго ТЭОнун негизги мазмуну тууралуу тааныштырып, тараптар кеңири форматта пикир алышты.
Белгилеп кетсек, 2021-жылдын соңунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында “КПК” ЖАКтын өндүрүш ишмердүүлүгүн көрүп чыккан жана заводду модернизациялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берген. Андан тышкары, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы №352 токтому менен Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилип, ага ылайык “Кыргыз Петролеум Компани” мунайды кайра иштетүү заводун модернизациялоо, ЕАЭБ талаптарына жооп берген К-4, К-5 сапатына барабар продукцияны чыгарууга жетишүү милдеттемелери коюлган. Ага байланыштуу 2022-жылдын февраль айында «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын директорлор кеңешинин чечими менен компания президентине комплекстүү план иштеп чыгуу үчүн тиешелүү адистерден турган жумушчу топту түзүү тапшырылган. 2022-жылдын 31-мартында «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК президенти тарабынан нефтини кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо боюнча иш-чаралар планы бекитилген, анда милдеттерди жана аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрү көрсөтүлгөн.

Связанный пост