Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары модернизацияланат

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттары модернизацияланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасаганда билдирди.
Өлкө башчысынын пикиринде, президенттердин жолугушуусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча жол картасынын аткарылышы каралды.
Бул максатта 2003-жылдагы өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколуна кол коюлду.
“Бул демилгелер ийгиликтүү ишке ашса, соода жүгүртүүлөрүбүз 2030-жылга чейин 3 миллиард АКШ долларына жетет деп ишенебиз.
Ошону менен бирге, транспорт жана коммуникациялар жаатындагы негизги долбоорлор жана аймактагы суу-энергетикалык ресурстарды рационалдуу пайдалануу маселелери боюнча пикир алмаштык”, – деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, 21-августта Кыргызстанга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен келген. Анын алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуулар жана иш-чаралар өтүүдө.