Кыргыз-казак чек арасында мас айдоочу кармалды
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында мас абалдагы оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-октябрда болжол менен саат 18:40 чамасында өткөрмө пунктта FAW үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жол эрежесин бузуу менен кезекке турбай, экинчи катарга чыгып айдап бара жаткан учурда токтотулган.
Текшерүү маалында айдоочу мас абалында экени аныкталган. Бул факты боюнча унаа айып короо жайына токтотулуп, тиешелүү документтер алынган.
Эми бул айдоочу соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан бир жылга ажыратылат.