Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам жазыктык сот өндүрүшүн өркүндөтүү жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Мыйзамда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарындагы сот өндүрүшүндө турган жазык иштери боюнча издөөдө жүргөн адамдарга карата, ошондой эле тергөө токтотулган жазык иштери боюнча издөөдө жүргөн айыпкерлерге карата атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнү регламенттөө бөлүгүндөгү укуктук кенемтелерди четтетүү каралган.