Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилди

 Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилди

Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын өркүндөтүү аркылуу кызматтык же кесиптик ишти жүзөгө ашырып жаткан, ошондой эле коомдук милдетин аткарып жаткан адамдарды мыйзамсыз зомбулук аракеттеринен коргоо үчүн тиешелүү укуктук базаны түзүү болуп эсептелет.

Кабыл алынган Мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексинин (мындан ары – КЖК) 136 жана

280-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилип, кызматтык же кесиптик ишти жүзөгө ашырып же коомдук милдетин аткарып жаткан адамдарга карата зомбулук аракеттерин жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү каралган.

Атап айтканда, жабырлануучунун кызматтык же кесиптик ишти жүзөгө ашыруусуна же коомдук милдетин аткарышына байланыштуу ден соолукка жеңил залал келтирүү, анын натыйжасында ден соолуктун кыска мөөнөттүү бузулушуна же эмгекке жөндөмдүүлүктүн анча чоң эмес туруктуу жоготуусуна алып келген учурларда (КЖКнын

136-беренесинин 2-бөлүгү) кылмыш жоопкерчилиги – жаза катары 500дөн 1 000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып пул салуу түрүндө белгиленет.

Ушундай эле мүнөздөгү өзгөртүүлөр КЖКнын 280-беренесине да киргизилген. Аталган беренеде кызматтык же кесиптик ишин жүзөгө ашырып жаткан же коомдук милдетин аткарып жаткан адамга карата бейбаштык (хулигандык) кылгандыгы үчүн жоопкерчилик, башкача айтканда жаза 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул салуу же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө белгиленип каралган.

Связанный пост