Кыймылсыз мүлккө нотариалдык алымдар азайды

 Кыймылсыз мүлккө нотариалдык алымдар азайды

Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө менчик укугун өткөрүү боюнча бүтүмдөрдү нотариалдык күбөлөндүрүү үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмдөрү төмөндөтүлдү.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү өзгөртүүлөр министрлер кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы №505 токтому менен кабыл алынды.

Өзгөртүүлөргө ылайык, накталай эмес эсептешүүдө жакын туугандардын ортосундагы бүтүмдөр үчүн алым 1 000 сомдон 300 сомго, башка жеке жактар үчүн 2 000 сомдон 500 сомго, ал эми тараптардын бири юридикалык жак болсо, 5 000 сомдон 1 000 сомго чейин азайтылды.

Накталай эсептешүүдө алым тиешелүүлүгүнө жараша 10 000 сомдон 3 000 сомго, 20 000 сомдон 5 000 сомго жана 50 000 сомдон 10 000 сомго төмөндөдү.

Мындан тышкары, юридикалык жак катышкан учурда нотариалдык буйрук берүү үчүн алым өндүрүлүүчү сумманын 1 пайызын түзөт. Анын өлчөмү бир эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.

Связанный пост