Кувейттин Мураскер ханзаадасы Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады

 Кувейттин Мураскер ханзаадасы Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады

Эмирдин орун басары, Кувейт Мамлекетинин Мураскер ханзаадасы Мишал аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сабах Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Бүткүл Ислам дүйнөсү Ыйык Курман Айт майрамын майрамдоонун алдында чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сизге чың ден соолук жана бакубат жашоо тартуулашын Алла Тааладан суранам.

Мусулмандардын Аллахтын ыйык үйүнө зыярат кылуусу менен аяктаган бул салтанаттуу диний жөрөлгөдөн пайдаланып, Алла Тааладан бул майрам боордош Кыргыз Республикасына жана анын элине өнүгүү, алгалай берүү жана гүлдөп-өсүү, ал эми мусулман үммөтүнө – тынчтык, жакшылык жана кубаныч алып келишин суранам”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост