Курулуш тармагында жылдын биринчи жарымында иштин көлөмү 44,5%га өстү
Кыргызстандын курулуш тармагы өткөн жылга салыштырмалуу быйылкы жылдын январь-июнь аралыгында 44,5%га өстү. Мындай статистиканы Евразия экономикалык комиссиясы чыгарды.
Маалыматка ылайык, биринчи жарым жылда Кыргызстандын курулуш тармагы жакшы көрсөткүчкө чыкты. Белоруссия жана Казакстанда 8,6%, Россия Федерациясында 3,9% түзсө, ал эми Арменияда 2,1% түзгөн.
ЕАЭБде 2024-жылдын январь-июнунда аткарылган курулуш иштеринин көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5% көбөйгөнү белгиленди.
ЕАЭБге кирген мамлекеттерде 2024-жылдын январь-июнунда турак жайды пайдаланууга берүүнүн көлөмү 2023-жылдын ушул мезгиле салыштырмалуу 2,6% өскөн. Ошол эле учурда Арменияда 79,6%, Кыргызстанда 24,3%, Россияда 2,5% жана Казакстанда 1,0% өсүш байкалууда. Ал эми Беларусияда 4,1% төмөндөө катталган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргыз ССРинде 1985-жылы 1096 миң чарчы метр, 1990-жылы 1560 миң чарчы метр турак-жай имараттары пайдаланууга берилип, бул эң жогорку көрсөткүч болгон. Ал эми 2023-жылы 1587,5 миң чарчы метр турак-жай имараттары пайдаланууга берилип, советтик мезгилдеги эң жогорку стандарттардан ашты.