Курулуш министрине быйыл 200 соцобъектини ишке киргизүү тапшырмасы берилди

Өлкөдөгү курулуштун темпи басаңдабашы керек, быйыл да 200дөн кем эмес социалдык объекттин курулушу аяктап, ишке кирсин. Курулуш министрлигине мындай тапшырманы минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген жыйындын жүрүшүндө тапшырды. Ошондой эле финансы министрлигине тийиштүү каражатты кечиктирбей бөлүп туруу зарыл экендиги айтылды.
Өз учурунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бул тапшырмалар аткарыла тургандыгын билдирди.
Белгилүү болгондой, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасына быйылкы жылга бөлүнгөн 4,5 млрд сом каражатка 20 объект курулат. Анын ичинде Бишкек жана Каракол шаарларындагы стадиондор, “Манас” жана “Ош” аэропортторундагы аэровокзал комплекстери, мамлекеттик органдардын административдик имараттары бар.
Ал эми “Кыргызкурулуш” тарабынан үстүбүздөгү жылдын 4 айында 1,2 млрд сомдук иштер аткарылган. 2025-жылдын аягына чейин 137 башкы план иштелип чыгып бекитилмекчи.
“Каракол шаарындагы стадиондун курулушу план боюнча уланууда. Объектте 3 миң 500 көрүүчүгө ылайык трибунасы бар спорт комплекси курулат, ошондой эле табигый, жасалма жана гибриддик түрдөгү жабууну колдонуу менен футбол талаасын жайгаштыруу каралган. Стадионду бүтүрүп, пайдаланууга берүү 2025-жылдын май айынын аягына пландалууда”,- деди Касымалиев.
Ошондой эле минкабдын кеңешмесинде негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 4 айда 62 пайызга өсүп, 70,1 млрд сомду түзгөндүгү, акыркы жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч, анын 35,5 пайызы республикалык бюджеттен каржылангандыгы айтылды. Ушул жылдын 4 айынын жыйынтыгы менен бюджеттен “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылануучу долбоордук тизмедеги объекттерге 5 млрд сом бөлүнүп, 519 социалдык объект боюнча долбоорлоо, ремонт жана курулуш иштери жүрүүдө.