Кургатылган жемиштердин басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө эскпорттолот

 Кургатылган жемиштердин басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө эскпорттолот

Кургатылган жемишердин басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө эскпорттолот. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” борборунун директору Урмат Такиров радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө соңку жылдары кургатылган жемиштерди сыртка экспорттогон ишканалар көбөйдү. Алардын багыты ар түркүн, дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөргө жөнөтүлүп жатат. Алардын ичине Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана ошондой эле Европа өлкөлөрү да кирет.

“Кургатылган жемиштерди республиканын аймактарында жашаган карапайым тургундар чогултушат. Бирок аларды экспорттоодо атайын экпорттоочу ишканалар иш алып барышат. Эл аралык рынокторго чыгуу потенциалы бар кургатылган жемиштердин катарына кургатылган өрүк жана кара өрүк кирет. Мындан сырткары, грек жаңгагы да чет элдик рыноктордо туруктуу суроо-талапка ээ”,-деди ал.

Связанный пост