Куралдуу жаңжалда бутунан ажыраган чек арачыга Бишкектен 3 бөлмөлүү батир берилди
Бүгүн, 2023-жылдын 19-сентябрында Министрлер Кабинетинин орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган, чек ара кызматкери Шарипов Дастан Абдрасулович менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда, Министрлер Кабинетинин орун басары – Кыргыз Республикасынын УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант Ташиев К.К. Шарипов Дастан Абдрасуловичке Бишкек шаарындагы 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Мындан сырткары, КР УКМК төрагасы согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи, ошондой эле Ташиев К.К. согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.
Маалымат иретинде: 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда, Д.Шарипов минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан айрылган, ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесинен майда темирдин сыныктары алынган.