“Кумтөр” ишканасынын кирешеси 124,2 млрд сомдон ашты

 “Кумтөр” ишканасынын кирешеси 124,2 млрд сомдон ашты

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компаниянын кирешеси 124 млрд 216 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, ал эми жыл соңуна чейин алтын өндүрүүнүн көлөмү 12 тоннага жетет.

“Мына ушул кирешелер мамлекетибиздин казынасына түшүп, элдин кызыкчылыгына жумшалып жатат.

Кумтөргө чет элдик компания ээлик кылган жылдары 410 тоннадан ашык алтын казылып чыгып кеткен. Анын ичинде күмүш жана башка баалуу металлдары канча?! Ошол, 410 тонна алтындын баасын өзүңүздөр санап көрүңүздөрчү…

Чет элдик компания иштеткен 29 жылда – Кыргызстан алган үлүштүк (дивиденд) кирешенин баарын кошкондо, болгону 101 миллион доллар болгон.

Быйыл бир жылдык эле үлүштүк кирешебиз 150 млн доллар болуп жатат. Жыл ичиндеги жалпы кирешебиз доллар менен санаганда – 1 млрд 420 млн доллардан ашты.

Эмне дейбиз, ушул байлыктар элибизге буюрсун, мамлекетибиздин жакшылыктарына жумшалсын!

Бул оомат – президентибиз Садыр Жапаровдун ондогон жылдар бою “Кумтөрдү мамлекетке алыш керек” деп бүт кайрат-күчүн жумшап, ал үчүн оор азаптарды башынан кечирген эмгегинин натыйжасы”, – деп жазды ал.

Связанный пост