КР жана БАЭ мамлекеттик башкарууну институттук өнүктүрүү жана модернизациялоо жаатында тажрыйба алмашат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Бириккен Араб Эмираттарынын министрлер кабинетинин иштери боюнча министри Мохамед Абдулла Аль Гергави Кыргызстандын министрлер кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтүнүн ортосунда беш жылдык мезгилге мамлекеттик башкарууну институттук өнүктүрүү жана модернизациялоо жагында тажрыйба алмашуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документке кол коюу аземи Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин алкагында орун алды.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум институционалдык потенциалды чыңдоо боюнча биргелешкен аракеттерди өнүктүрүүгө, өкмөттөрдү өнүктүрүү процесстерин өркүндөтүү боюнча биргелешкен аракеттерди түзүүгө, келечекке багытталган мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, ошондой эле кызматташтыктын башка өз ара макулдашылган тармактарына багытталган.