Коррупцияга шектелген мурдагы салыкчылар кармалды
Мамлекеттик салык кызматынын системасында туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан 8-10-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын текшерүү башкармалыгынын мурдагы башчысы А.М. жана дагы бир мурдагы башчысы У.С. Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы А.А. менен кылмыштуу кутумга кирип, чарба жүргүзүүчү субъектерден акча каражаттарын опузалап алгандыгы үчүн кармалды.
М.А. жана С.У. ишкердик субъекттерден акча каражаттарын алуу жана өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схеманын негизги уюштуруучулары болушкан.
Кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.