КМШ жаштарынын XVII Дельфы оюндары салтанаттуу жыйынтыкталды

9-октябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Жаштарынын XVII Дельфы оюндары салтанаттуу жыйынтыкталды.
Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Эл аралык Дельфы комитетинин Директору Владимир Понявин, Кыргыз Республикасынын Дельфы комитетинин төрагасы, Кыргыз эл артисти, Анарбек Ибраевдер сөз сүйлөштү.
Алар маданий, маанилүү, унутулгус күндөргө, жаңы жолугушууларга бай күндөр жыйынтыкталып жатканын белгилешти.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КМШ мамлекеттери арасында өткөн Дельфы оюндары Кыргызстандын тарыхында кала турган өзгөчө маанидеги иш-чара болгонун, аталган иш-чара мамлекеттер ортосундагы маданий, гуманитардык кызматташтыкты бекемдей тургандыгын билдирди. Дельфы оюндарына катышкан таланттарга, келген конокторго жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын айтты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев: “Бүгүн биз КМШ өлкөлөрүнүн он жетинчи Дельфы оюндары аталган маанилүү иш-чара ар бирибиздин эсибизде калаары талашсыз. Дельфы оюндары өткөн аз убакыттын ичинде биз чоң жетишкендиктерди, жеңиштерди көрдүк. Ар бир аткарылган чыгарма бизге кубаныч жана дем берди. Жаштардын Дельфы оюндары-бул КМШга мүчө мамлекеттердин жалпы максаттарга жетүү үчүн биригүүгө жана биргелешип иштөөбүздүн символу десем жаңылышпайм” деди ал.
Эл аралык Дельфы комитетинин директору Владимир Понявин Кыргызстан жылуу маанайда тосуп алганына, иш-чараны уюштурган бардык уюштуруучуларына ыраазчылыгын билдирди.
Салтанаттуу иш- чарага эл аралык Дельфы комитети, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитети, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын 500дөн ашуун жаш таланттары жана меймандары катышты.
Андан соң, Дельфы оюндарынын катышуучуларынын курамынан түзүлгөн концерттик программа тартууланды.
Эске салсак, КМШга катышкан мамлекеттердин он жетинчи жаштар Дельфы оюндарын уюштурууну жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Дельфы комитети, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитети, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын колдоосунда, Кыргыз Республикасынын кызыкдар бийлик органдарынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын катышуусунда ишке ашып, Эл аралык Дельфы комитетинин колдоосу астында өттү.
Сынакка 10 жаштан 25 жашка чейинки, Шериктештик өлкөлөрүнүн өкүлдөрү болгон командалардын курамында 500дөн ашуу улан-кыздар катышып, фортепиано, скрипка, көркөм сүрөт искусствосу, академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик аспаптар, үйлөмө аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк жалпы 10 номинация боюнча сынактарга катышты.
Сынактын калыстар тобуна КМШ өлкөлөрүнүн 30дан ашык көрүнүктүү искусство ишмерлери, сүрөтчүлөрү, профессорлору жана искусство таануу илимдеринин докторлору кирген.

Связанный пост